Дарья Маслова Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Спорт

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, Маслова 1-декабрь күнү Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык марафонго катышып, олимпиадалык нормативди аткарган.

Бул лицензиялык марафондо кыргызстандык жөө күлүк 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундда басып өткөн. Ал эми олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына жолдомону суучул Денис Петрашов, жөө күлүк Юлия Андреева, балбандар Атабек Азизбек уулу жана Айсулуу Тыныбекова утуп алган.