Даниянын ханышасы, Норвегиянын падышасы, Япониянын премьери жана Грузиянын президенти кыргыз элин куттукташты

Саясат

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Даниянын ханышасы Маргрете II, Норвегиянын падышасы Харальд, Япониянын премьер-министри Фумио Кишида жана Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине жаңы жыл менен куттуктоо жолдомосун жөнөтүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.