Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Иса Месбах менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар кыргыз-афган мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасын - соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү, Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга колдоо көрсөтүү, 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына афган спортчуларынын катышуусу боюнча талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар эки тараптуу байланыштарды активдештирүүнү, жогорку деңгээлдеги иш сапарларын уюштурууну жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик укуктук базаны кеңейтүүнү макулдашты.