Ош, 18.09.19 /Кабар/. Ош шаарында "Дүйнөлүк тазалык күнүнө " карата уюштурулган республикалык акциянын алкагында ишембилик болуп өттү.
Ишембиликте Ош шаарынын жаштары Ак-Буура дарыясынын жээгин таштандылардан тазалашты. Жаштар мындай ишембиликти ар бир ишемби күнү өткөрүп турууну көздөп жатат.
Ошондой эле ишембиликке мамлекеттик мекемелердин, жеке жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышкан.