Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Футбол боюнча Португалиянын курама командасынын капитаны жана “Манчестер Юнайтед” командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ФИФАнын атайын сыйлыгын алды. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.
Роналду сыйлык алуу үчүн Швецариянын Цюрих шаарына келген.
Португалиялык оюнчу өзүнүн улуттук курама командасы үчүн 2021-жылдын сентябрь айында 110-голун киргизип, жалпы киргизген голдору 115ке жетип, дүйнөлүк рекорд койгон. Улуттук курама команданын катарында ойноп гол киргизгендердин саны боюнча экинчи орунда Ирандын оюнчусу Али Даеи (109 гол) турат.