Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Болормаа Амгаабазарды Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосунда үзүрлүү кызматташууну орнотууга кошкон зор салымы үчүн Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.