Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус илдетинен 5 миң 529 адам каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын түзүлгөн электрондук картасында көрсөтүлгөн.
COVID-19 вирусу дүйнөнүн 159 өлкөсүндө аныкталды. Анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да катталды.
Дүйнөдө илдетти 184 миң 976 адам жуктурду.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда үч жаранда коронавирус аныкталды.