Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШда мастер-класс өткөрдү

Спорт


Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШда күрөш боюнча мастер-класс өткөрдү. Бул тууралуу спортчу кыз өзүнүн инстаграмдагы баракчасына билдирүү калтырды.

“Кечээ АКШда Wrestle like a girl уюму менен бирге жаш спортчуларга алгачкы мастер-класс өткөрдүм. Ачыгын айтканда, аябай толкундандым, бирок бул жактагы кыздар мени жылуу жана колдоо менен кабыл алды. Өз потенциалдарын көрсөтүп, жогорку жетишкендиктерге жетүүсүн каалайм”, - деп жазат Тыныбекова.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси болгон.