Бишкек, 30.07.22. /Кабар/. "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө.
Бишкек шаардык сотунан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 27-августта Свердлов райондук сотунда отурум өтүп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерин өлтүрүүгө шектелген беш адамга карата баш коргоо чарасы тандалды. Соттун чечимине ылайык, шектүүлөр тергөө изоляторуна камакка алынды.
Эскерте кетсек, 30-июлда "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болгон.
Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн.
Эске сала кетсек, Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.
Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.