Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. COVID-19дан кийинки антителонун эң жогорку концентрациясы улгайган адамдарда аныкталган. Бул тууралуу «Хеликс» лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисовго таянып, россиялык ЖМКлар кабарлаган.
“Жаш курак бул - антитело концентрациясына таасир этүүчү маанилүү фактор болуп саналат. Антителолордун эң жогорку концентрациясы улгайган бейтаптарда байкалган”, - деп билдирген Денисов.
Ал белгилегендей, COVID-19дун жеңил формасы менен ооруган эркектерде антителолордун концентрациясы оорудан 60 күн өткөн соң төмөндөп баштайт. Ал эми коронавирустун жеңил түрү менен ооруган аялдарда антителолордун деңгээлинде оң тенденция байкалат.