Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. COVID-19 менен сасык тумоодо окшош клиникалык симптомдор бар. Бул тууралуу №1 Шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог-дарыгери Айжаркын Эгембериева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавирус инфекциясындагы дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, тамактын оорушу, кургак жөтөл, баштын оорушу, кээде - мурундун агышы же мурундун бүтүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, апатия сыяктуу симптомдор сасык тумоого дагы мүнөздүү.
Дарыгер COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда төмөндөгүдөй айырмачылык бар экенин белгилейт:
- COVID-19дун инкубация мезгили 1 күндөн 14 күнгө чейин узарылышы мүмкүн, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;
- Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган өнөкөт оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн - бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;
- Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;
- Мезгилдүүлүк: Сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми COVID-19 үчүн бул анча маанилүү эмес.
- Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар - балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID-19 учурда катуу оорунун коркунуч факторлору карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.
"Ошондой эле COVID-19 илдетинде өлүм коркунучу сасык тумоого караганда жогору - өлүмдүн деңгээли 3-4%. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1%га чейин",-дейт ал.
Иммунологдун айтымында, дарыгер коронавирус менен сасык тумоонун айырмасын аныкташы маанилүү, анткени эки оору тең коркунучтуу ооруларга, анын ичинде пневмонияга жана андан кийинки өлүмгө алып келиши мүмкүн.