Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-марттан тарта COVID-19 шарттарында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Чек арадан унаа менен өтүүнү/конууну каттоодо авиакомпания өкүлдөрүнө/КӨЖ кызматкерлерине акыркы 72 саатта жасалган SARS-СoV-2га ПЧР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, учакка отурууга коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок адамдарга уруксат берилет.
ПЧР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан талап кылынбайт.
“ПЧР-тесттин жарактуулук мөөнөтү учуу, авиакаттамдардын кечигүүсү/транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептер боюнча аяктагандан кийин КР жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар экспресс тесттен өтүүгө милдеттүү”, - деп айтылат маалыматта.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий