CОVID-19: Акыркы суткада 3,6 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта 3 миң 676 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 428 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 248 адам экинчи дозасын алган.

Өлкөдө жалпы 849 миң 576 адам эмдөөдөн өткөн, анын 586 миң 578и биринчи доза менен, 262 миң 998и экинчи доза менен эмделген.