Чыныбай Турсунбеков Иран Соода-өндүрүш палатасынын президенти Гол-Хоссейн Шафэи менен жолугушту

Саясат

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Парламенттик делегациянын Тегеран шаарындагы (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Иран Соода-өндүрүш палатасынын президенти Гол-Хоссейн Шафэи менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар бир катар маселелер боюнча пикир алышып, гидроэнергетика, айыл чарба, туризм жана соода-экономикалык өнөктөштүк чөйрөсүнө тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгын белгилешти.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊеш баардык багыттагы эки тараптуу мамилелерди жандандыруу жана эки өлкөнүн Соода-өндүрүш палатасынын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу чараларын колдоого аларын белгилеп: "Кыргыз парламенти байланыштарды өнүктүрүү үчүн бүткүл күчүн жумшоого даяр" - деди.

Ошондой эле, алар эки өлкөнүн аймактары жана облустары ортосундагы кызматташтыкты кеӊейтүү зарылчылыгына да токтолушту.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация 23-апрелден 27-апрелге чейин Тегеран шаарында (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапар менен болот. Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров, Абдимуктар Маматовдор бар.