Бишкек, 26.06.18./Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алты адамТоктогул райондук ооруканасына жеткирилген, экөө болсо дайынсыз жоголгон.
ӨКМден кабарлашкандай, унааны суудан чыгарганда 1 адамдын жансыз денеси унаанын ичинен табылган.
Учурда ӨКМ жана милиция кызматкерлери издөө иштерин улантышууда.
ӨКМдин маалыматы боюнча, айдоочу Токтогул районундагы Өрүктүү айылында унаа башкара албай калып, Чычкан суусуна түшүп кеткен.