Чу дарыясына Тоуоta унаасы түшүп кетип, эки адам каза болду

Кырсык

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Чу дарыясына Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 1-июлда катталган, кырсыкка айдоочунун рулду башкара албай калгандыгы себеп болгон.

"Унаанын ичиндеги 65 жаштагы М.Г., жана 41 жаштагы Ж.А., аттуу жарандар каза болду. Ошондой эле 1952-жылы туулган И.Л., жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л., аттуу эки аял жабыркаган. Окуя Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында орун алган", - деп айтылат маалыматта.

Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерге ошондой эле чек арачыгар жардамга келгендиги айтылат.