Чолпон-Атада катуу шамал катталып, көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти

Аймак

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Чолпон-Атада катуу шамал катталып, турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында саат 15:00 чамасында секундасына 22 метрге чейин жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Совет көчөсүндө жайгашкан №216 турак үйдүн чатыры учкан.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, шамалдын кесепеттерин жоюшкан. Абалды тактоо максатында райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.

Учурда Балыкчы шаарында секундасына 24 метрге чейин жеткен шамал катталууда. Кошумча маалымат берилет.