Чоң-Алайдын тургундары дагы президентти, УКМК башчысын колдоп чыгышты — видео

Аймак


Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөтүүдө.

Чоң-Алайдын тургундары кыргыз элине тынчтык керек экенин айтышууда.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, кыргыз элине тынчтык керек. Митингге чыккандарды суракка алуу туура иш. Буларга карата катуу чара колдонуңуздар”, - деп айтышууда жергиликтүүлөр.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөн районунда 150дөй жергиликтүү тургун президент Садыр Жапаровду колдоп митингге чыгышкан. Мындан тышкары, Чүй облусунун тургундары дагы бийлик башындагыларды колдоо акциясын өткөрдү.