Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ош облусунун Чоң Алай районундагы 6 айылында жергиликтүү тургундардан турган кошумча посттор орнотулду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чоң Алай районунун аймагына кирүү жолунда карантиндик-санитардык посту орнотулуп, анда милиция, медицина кызматкерлери, ӨКМдин, санитардык-эпидемиологиялык кызматы, райондук администрациядан жана элдик кошуундан болуп иш алып барууда.
Ал эми Алай районунун Будалык, Сопу-Коргон, Күнгөй, Кол-Чаты айылдарында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор уюштурулуп,автоунаанын жүрүүсү чектелди.
Ошондой эле Алай жана Чоң Алай райондорунда жайгашкан обсервациялык пункттарында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө.