Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:
- »Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 232 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
— жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамында:
О. М. Панкратов курамдан чыгарылсын;
Муканбетов Санжар Турдукожоевич — Кыргыз Республикасынын экономика министри киргизилсин;
он экинчи абзацтагы «Замандаш» кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси» ассоциациясынын лидери» деген сөздөр «Замандаш» коомдук фондунун президенти» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.