• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

“Челси” Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылкы сезонунун финалында “Челси” менен “Манчестер Сити” командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Беттеш 1:0 эсебинде “Челсинин” жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду оюндун 42-мүнөтүндө Кай Хаверц киргизди.

“Челси” тарыхта экинчи жолу Чемпиондор лигасын жеңди. Алгач 2012-жылы чемпион аталган.

Эскерте кетсек, былтыр Чемпиондор лигасын “Бавария” командасы уткан.

Пикир

Оставить комментарий