Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 4 казакстандык жана 1 кыргызстандык жаран кармалды

Коом

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Чүй облусунда чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 4 казакстандык жана 1 кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, алар Казакстандан Кыргызстан тарапка Чүй дарыясын кечип өтүшкөн.

Кармалгандар тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.