Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. "Чалдыбар-унаа жолу" чек ара өткөрмө жайында 1 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Чек ара кызматы билдиргендей, 19-июнь күнү Казакстан тараптан "Honda-Stepwagon" унаасы келген. Унааны текшерүү учурунда анын ичинен атыр салынган 35 куту табылган. Алардын тийиштүү документтери болгон эмес.
Тийиштүү кагаздар толтурулгандан кийин жүк Салык кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.