Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. 2021-жылы 29-мартта Баткен чек ара отрядынын чек арачылары мыйзамсыз аткезчилик жүккө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айылына жакын жерде кызмат өтөө учурунда чек арачылар 41 жаштагы КР жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер унаасын кармашкан, ал өткөрүү бекеттеринен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга 1 тонна кургатылган жемиштерди алып өтүүгө аракет кылган.
Болжолдуу маалыматтар боюнча кармалган жүктүн баасы 400 миң сомдү түзөт.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.