• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.12.21./Кабар/. 2021-жылдын 26-декабры, саат 11.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралууКР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, түн тынч өтүп чыр-чатак катталган жок.

Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий