• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Чаткалда унаа жолго кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 13-февраль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда саат 12:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар Кировка унаа жолунун 94-чакырымында көлөмү болжол менен 5000м3 кар көчку түшүп, унаа жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолду тазалоо иштерине №27 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер жана 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн. Кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий