Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Чаткал районунун ӨКМ кызматкерлери Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы мектеп окуучуларына өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрү менен таанышуу иш-чарасын жүргүздү.
Аталган иш-чарага С.Байдоолотов мектебинин жогорку класстарынын окуучулары катышкан.
Окуучуларга ӨКМдин бөлүмү менен таанышуу учурунда өрт өчүрүүчү автоунааларды, өрткө каршы шаймандарды жана "112" бирдиктүү нөөмөт кызматы тууралуу маалыматтарды кеңири берди.