Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Чалдыбар айылында өспүрүмдөр арасында болгон мушташтын уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү болжол менен 01:50лөр чамасында милицияга жаракат алып аймактык ооруканага түшкөн өспүрүмдөр тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам топ ооруканага барган.
Ооруканадагы балдардын өздүгү аныкталган: алар 18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н., 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н., жана 18 жаштагы А.С. аттуу Чалдыбар айылынын тургундары болушкан.
Белгилүү болгондой, 16-июнда түнкү саат 00:30дар чамасында бир нече жаш балдардын ортосунда жаңжал чыгып, жыйынтыгында беш өспүрүм ар түрдүү жаракаттарды алган.
Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мушташка тиешеси бар бир нече жарандар аныкталып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган жаңжалдын уюштуруучулары катары 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.