Үчүнчү күн: маршрут айдоочуларынын иш таштоосу уланууда

Коом

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу үчүнчү күнү да уланууда.

Шаардыктар ишке троллейбус, автобус жана такси менен барышууда. Коомдук транспорттун жетишсиздиги байкалууда.

Троллейбустарда жана автобустарда социалдык дистанция сакталбай жатат.