Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламедин районунда 1-класстын окуучусун унаа койдуруп кеткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук автоинспекция кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 12:00дөр чамасында болгон.
"1-класстын окуучусу мектептен чыгып, жөө жүргүнчүлөр өтө турчу жерде турганда оор жүк ташуучу унаа койдуруп кеткен. Кыз окуя болгон жерден каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон кошумчалашкандай, кызды койдуруп кеткен айдоочу Казакстандын жараны болгон, унаа да Казакстан Республикасында каттоого алынган. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес.
Учурда иликтөө иштери башталды.