Чүйдө унаалардын дөңгөлөгүн жарып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Чүйдүн Москва районунда унаалардын дөңгөлөгүн жарып жүргөн делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

2022-жылдын март айында Москва районунун ички иштер органдарына 43 жаштагы А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 15-март күнү кечинде белгисиз адам Беловодск айылынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн жарып кеткенин билдирген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (“Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу”) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Көрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 33 жаштагы Ю.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын ушул сыяктуу дагы үч фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.