Чүй райондук милициясы балдар интернатына барып, акчалай жардам көрсөттү

Коом

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы Жаңы-Жол айылында жайгашкан мектеп-интернатына барышып, тарбиялануучулардан кабар алышты.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери балдарды майрамы менен куттуктап, таттуу белектерди таратышты. Андан сырткары, акчалай жардам көрсөтүшүп, спорттук жабдыктарды беришти.