Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси пара менен кармалды

Укук тартиби

Бишкек, 23.06.23./Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик прокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси А.У.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Прокуратура арыз ээсине карата жүргүзүлгөн тергөөнүн негизинде кылмыш ишин козгобогону үчүн 20 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.