Чүй облусунун башчысы ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.