Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кырсык

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн саат 16:17де катталган. Жердин силкинүүсү калктуу конуштарда сезилген эмес.

Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө. Кошумча маалымат берилет.