Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартына чейин “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык рейд ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 430дөн ашуун кызматкерлер тартылган.
Рейддин жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилди:
- 3552 мергенчи;
- 1001 сайлуу куралдын ээлери;
- 2551 сайсыз куралдын ээлери;
- 533 газ желим куралдыдын ээлери;
- 19 сыйлыкка берилген куралдын ээлери;
- 1 мергенчи дүкөнү;
- 3 жеке сакчылык агенттиги;
- 2-уруксат берүү тутумунда каттодо турган объектилер.
Жыйынтыгында укук бузуулар боюнча 155 протокол толтурулуп, 110 миң сомго айыптар салынган. Андан сырткары, 25 ок атуучу курал-жарак алынган, анын бешөө газ-травматтык курал-жарактар.
Рейддин алкагында ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча 36 факты катталды. Алардын ичинен 24 сайсыз курал, 6 газ-травматикалык тапанча, 3 кесилген курал, 41 даана ок-дары, 1 граната жана 1 мина тапшырылган.
Чүй ОИИББы ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыштын бир бөлүгүн түзөрүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.