Чүй облусунда бир катар ишканаларга экологиялык эреже бузгандыгы үчүн айып пул салынды

Аймак

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк районундагы кирпич заводдорунда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүздү.

Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык нормаларды одоно бузуу фактылары аныкталып, бир нече ишканалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Төмөнкү ишканалар текшерилген:

• ООО «Байтик Курулуш»

• ООО «Илина Групп»

• ООО "ЖКЗ"

• ООО «Ысык-Көл Дорстрой»

• ОКЗ ЖЧКсы

Жогоруда аталган 5 ишкана тең экологиялык талаптарды бузгандыгы аныкталып, тез арада чара көрүлгөн.


Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй айыптар салынды:

- «Байтик курулуш» ЖЧКсы, «ЖКЗ» ЖЧКсы, «Илина Групп» ЖЧКларына 17 000 сом айып салынды;

- «Ысык-Көл Дорстрой» ЖЧКсына жана «ОКЗ» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу милдети менен 28 000 сом айып салынды.

Мындан тышкары, «Байтик курулуш», «Илина Групп», «ОКЗ» жана «Ысык-Көл Дорстрой» ишканаларынын иши сезондуу болгондуктан убактылуу токтотулган.

Белгиленгендей, буга чейин инспекторлор ишканаларга расмий эскертүүлөрдү берип, андан соң газ жабдыктарын тазалоочу системаларды орнотуп, жыйынтыгында абанын булганышы бир топ азайган.