• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Чүй облусунда акциздик маркасы жок тамеки продукциясын саткан факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Финансылык полиция кызматы менен биргеликте Чүй облусунун Жайыл районундагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, натыйжада 1 миң 19 таңгак тамеки тартып алынган.

Тиешелүү материалдар жана тартып алынган тамеки продукциясы мыйзамга ылайык карап чыгуу жана чараларды көрүү үчүн ЭККМКга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий