Чүй облустук ооруканасында бейтап өз жанын кыйды

Коом

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Чүй облустук ооруканасында бейтап өз жанын кыйды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБсинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-февралда болжол менен саат 12:36да Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Чүй облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө жаткан 1974-жылы туулган Ш.Б., өз жанын кыйгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган ыкчам-тергөө топтун кызматкерлери бычактан жараат алып каза болгон эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда керектүү экспертизалар дайындалган.