Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери уурулукка шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы 21-февралда Жайыл райондук милиция бөлүмүнө Новониколаевка айылынын 54 жаштагы тургуну Ж.Т. арызы менен кайрылып, 20-февралдан 21-февралга караган түнү жалпы баасы 70 миң сомду түзгөн 2 баш бодо малын уурдап кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Ошондой эле 2021-жылы 23-майда райондук милицияга Алексеевка айылынын жашоочусу Т.Н. кайрылып, ушул жылдын 7-майдан 8-майга караган түнү жана 21-майдан 22-майга караган түнү сарайынан 2 музоосун уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты Жайыл райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Чүй облустук жана Жайыл райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23 жаштагы С.Ж. жана 21 жаштагы А.С. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Азыркы учурда кармалгандардын башка дагы кылмыштарга тийиштиги бар же жогу такталууда.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда.