Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бишкектин Чүй-Манас проспекттеринин кесилишиндеги унаа сүзгөн исталляция калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
“Биз инсталляцияны оңдоп, калыбына келтирдик. Сураныч, айдоочулар абай болгула! Ылдамдыкты ашырбагыла”, - деп жазган ал.
Эске сала кетсек, кечээ болжол менен саат 23:20да бир айдоочу аталган кесилиштеги инсталляцияны унаасы менен сүзүп, ал жерден качып кеткен. Бүгүн күнөөкөр өз ыктыяры менен жол коопсуздук кызматына келген. Ал 21 жаштагы М.В. аттуу жаран болгон.