Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен казыят жана райондук хатибияттардан каражат топтолуп, Токмок шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Аталган иш-чараны Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов уюштуруп, Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 10 миң сом жана күнүмдүк азык-түлүк, Чүйдөгү жетим жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын жатак мектебине 10 миң сом жана Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 10 миң сом акчалай жардам берилди. Ошону менен катар Токмок шаарындагы колу жука 3 үй-бүлөгө 2 миң сомдон тапшырылды.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин малыматына ылайык, мамлекетибизде 178 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын 30 миңге чукулу 18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөр.