Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Сузак районунда изделип жаткан үч балалуу аял Оштон табылды.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, 15-январда 30 жаштагы Аттокур кызы Канзаада Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Бул маалымат ЖМКларга жарыялангандан кийин кечээ, 8-февралда кайдыгер эмес жарандар тарабынан милицияга маалымат берилген жана келин өзүнүн атасынын үйүнө кайтып келген.
Ал милицияга Оштогу эжесиникине кеткенин жана эч кимге арыз доосу жок экенин айткан.