Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кечээ, 28-ноябрда Тажикстанда кыздар арасында футбол боюнча CAFA U-23 Women’s Championship мелдеши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.
Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Афганистан жана Түркмөнстандын футболчу кыздары катышты. Биринчиликтин жыйынтыгында 5 оюнда 5 жеңиш топтогон Өзбекстандын командасы биринчи орунга татыды. Күмүш байгени Ирандын курамасы, коло медалды Тажикстандын командасы утушту.
Кыргызстандын курамасы 4 упай топтоп, мелдештин төртүнчү орунуна жайгашты. Алар Афганистандын курамасын жеңип, Тажикстан менен болгон оюнда тең чыгышкан.
Ошондой эле мыкты калыстарга да байгелер берилди. Алардын арасында кыргызстандык Малика Кадырова бар.