CAFA Nations Cup: Кыргызстандын курамасы качан оюн талаасына чыгары белгилүү болду

Спорт

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы CAFA Nations Cup турниринин тайпалык оюндарында Афганистан жана Ирандын командалары менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Бүгүн, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында чүчүкулак тартуу аземи өттү. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы “В” тайпасында Афганистан жана Ирандын командалары менен жайгашты.

“В” тайпасындагы оюндар 10, 13, 16-июнда Бишкекте, “А” тайпасындагы оюндар 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтөт.

“В” тайпасындагы оюндардын жүгүртмөсү:

• 10-июнь
Кыргызстан – Афганистан

• 13-июнь
Иран – Афганистан

• 16-июнь
Кыргызстан – Иран

Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыкса, экинчи орунга илинген командалар коло медаль үчүн беттешет.

CAFA Nations Cup турниринде Афганистан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курама командалары ойнойт.