Былтыр Кыргызстанда 2,8 миңге жакын өрт катталып, дээрлик 578,5 млн сомдук чыгым келтирилген

Кырсык

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда өрттөрдүн саны күн санап өсүп жатканы, техника жаңыланбаса бул көрсөткүчтөр кейиштүү абалга алып келиши мүмкүн экендиги ӨКМдин жыл жыйынтыктаган коллегиялык жыйында айтылды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 2 миң 778 өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 578 млн 450 миң 837 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Мындан улам, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча үгүт- насаат иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана куткаруу иш чараларына 2020-жылы 68 млн 923 миң сом акча каражаты сарпталган.

Коллегиялык жыйындын соңунда ӨКМдин 30 жылдык жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнүн 95 жылдык мааракесине карата даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.