Былтыр Кыргызстанда 119 баңги кылмышы аныкталып, жүгүртүүдөн 224,6 кг баңгизат алынды

Укук тартиби

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан декабрь айына чейин "МАК-2020" операциясын өткөрүүнүн жыйынтыгында 119 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 224 кг 682 гр баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан (БМЖККК) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен: героин - 2 кг 296 гр, апийим - 27 гр, гашиш - 38 кг 947 гр, марихуана - 76 кг 616 гр, кара куурай - 41 кг 216 гр, күкүрт кислотасы - 65 кг 80 гр, димедрол таблеткасы 10 миң даана - 500 гр жана 3 кг сымап (ртуть) алынды.

Ошондой эле 16 бирдик сайсыз ок атуучу курал, 63 даана ок дары, 2 бычак жана РГ - үлгүсүндөгү 3 даана граната, 2 үн чыгаруучу граната алынды.

"Кара куурай" операциясынын жүрүшүндө өлкөнүн аймагында 1 миң 262 гектар жер изилденди жана анын ичинен 547 гектарда өсүп жаткан кара куурай орулуп алынып, салмагы суу абалында 389 тонна 920 кг кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды.