• 87.45
  • 99.28
  • 1.06

Былтыр Кыргызстан Өзбекстандан 14 миң тоннадан ашык жүзүм импорттогон

Экономика 0

Ташкент, 14.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 14,5 миң тоннадан ашык жүзүм экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 11 айда эң көп өзбек жүзүмүнүн негизги кардарлары Россия (164,2 миң тонна), Казакстан (19,4 миң тонна) жана Кыргызстан (14,5 миң тонна) болду.

Ошондой эле Өзбекстан жүзүмүн Беларусска (6,6 миң тонна), Украинага (334 тонна), Монголияга (128 тонна) жана башка өлкөлөргө да (393 тонна) экспорттогон.

Өткөн жылдын 11 айында Өзбекстан чет мамлекеттерге 174,7 млн долларга 205,5 миң тонна жүзүм саткан.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын тийиштүү мезгилинде Өзбекстан чет өлкөлөргө 121 миң тонна жүзүм экспорттогон.

Пикир

Оставить комментарий