Быйыл Жалал-Абад шаарына 13 чакырым тротуар куруу пландалган

Аймак

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаарына 13 чакырым тротуар куруу пландалган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад шаарынын Максим Горький көчөсүнө кеңдиги эки метр, узундугу бир чакырымды түзгөн тротуар курулуп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган көчөдөгү тротуардын аймагына чыгып кеткен бир катар курулуштар буздурулган.