Быйыл өлкө боюнча 1 миң 180 гектар жерге экме токой отургузулду

Коом

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. 2022-жылы өлкө боюнча 1 миң 180 гектар жерге экме токой отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көчөтканаларда бак-дарактардын ар кандай түрлөрүнүн 1 млн 480 миң даана калемчелери отургузулуп, 9,4 гектар аянтка үрөн себилди.

Мындан сырткары, токой чарбалардын көчөтканаларынан 400 миңден ашык көчөттөр калктуу конуштарды жана социалдык объектилерди жашылдандыруу үчүн сатылды.